Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Свердлов райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды

21.03.2024 11:26
186
Свердлов райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды


Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. 12 миң доллар пара алды деп кармалганын УКМК кабарлады.


Кармоо пара талап кылынышы боюнча маалымат ачыкталгандан кийин Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнү айтылат.


"Судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү максатында видеокөзөмөл камералары жок жерлерде, тагыраагы, өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды айыпталуучулардын пайдасына чыгаргандыгы үчүн алардан алган акчалай сый акыларды өз ара бөлүштүргөндүгү такталган. Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында судья К.А.К. Соттор кеңешинин чечими жана Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.


УКМК учурда Жогорку соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн