Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер добуш сатып алуу үчүн 2000 сомдон таратканы аныкталды

26.02.2022 19:44
736
Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер добуш сатып алуу үчүн 2000 сомдон таратканы аныкталды

Бишкек шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бир талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Т.С. жана үгүттөөчүсү Т.Э. депутаттыкка талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү учурунда шайлоочуларды сатып алуу максатында конуштун тургундарына көмүр таратып жана ар бир добуш үчүн 2000 сомдон бере тургандыгы да аныкталган. 


Шайлоо штабынын жетекчиси Т.С. жана үгүттөөчүсү Т.Э. Свердлов РИИБне жеткирилип жана суракка алынган. Жогорудагы жарандардын даректеринде тинтүү иш-чарасы дагы жүргүзүлүп, шайлоочулардын тизмелери толтурулган бланктар жана кимге канча суммада акча берилген тизмелер далил катары алынды. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү менен (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн