Индияда камалган кыргызстандыктар тууралуу бизде маалымат жок. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
“Бизде кыргыз жарандары Индияда камалганы тууралуу маалымат жок. Жакынкы аралыкта бул маселени тактап, кененирээк маалымат беребиз”, - деди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, буга чейин Индияга дааватка барган ондон ашык кыргызстандык камалганы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн