Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ТИМ Кабулда Россиянын элчилигинин алдындагы терактты айыптады

06.09.2022 14:27
967
ТИМ Кабулда Россиянын элчилигинин алдындагы терактты айыптады

Кыргызстан Афганистандын борбору  Кабул шаарында Россиянын элчилигинде жасалган террордук актыны айыптайт. Бул тууралуу ТИМ билдирди.


"Тынч жашоочуларга, чет элдик дипломаттарга жасалган террорчулуктун кандай актылары болбосун айыптайбыз. Ал эми күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазасын алышы керек", — деп билдирген ТИМ.

Кыргызстан террорчулук жана экстремизмдин кандай гана түрү болбосун ага каршы элдешкис күрөштү колдой турганын жана эл аралык коомчулукту бул маселе боюнча координацияны бекемдөөгө чакырарын билдирген.


ТИМ каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондордун тез арада айыгып кетишин каалайт.

Жарылуу кечээ, 6-сентябрда болуп, анын кесепетинен элчиликтин эки, Афганистандын аскер күчтөрүнүн төрт кызматкери көз жумган. Жарадар болгондор да бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн