Кыргызстандын
Тышкы иштер министрлиги Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россия менен Казахстандын мамлекеттик
чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат, деп билдирди
Республикалык штабдын басма сөз кызматы.
Ошондой эле Россия-Казахстандын чек арасында
кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн Кыргызстанга Россиянын
Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик
каттамдардын санын көбөйтөт.
Белгилей кетсек, 4-5-август күндөрү чыккан 43 автобус колонна менен Оренбургдан чыккан КР жарандары кайтып келе жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн