Россиянын Ленинград облусунда өрт чыгып, беш кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы кафеден чыккан.
Өрттүн кесепетинен Кыргызстандын беш жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышкан. Анын экөө 17-февралда Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. Үчөө Гатчина ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган", — деп айтылат мааыламтта.
Маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн