Такталган маалыматтар боюнча, Орусиянын Самара облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны 1992-жылы туулган К.Р.Р. жана 1998-жылы туулган С.Н.К.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгон кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылган унаалардын айдоочулары. Алар Самарада жеке транспорттук ташуу менен алектенгени такталган.
Каза болгондордун арасында башка Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн керектүү жардамдарды көрсөтүүдө.
Буга чейин Самара облусунун Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен окуя 27-июнда саат 1.30дар чамасында А-300 унаа жолунун 110-чакырымында болгондугу маалымдалган. Honda Stepwgn микроавтобус менен Hyundai Elantra сүзүшкөн. Алты адам каза болуп, сегизи (Өзбекстандын жарандары) ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн