Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 11:50
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

ТИМ Түркияда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон кыргызстандык аял тууралуу билдирүү таратты

23.01.2025 13:11
197
ТИМ Түркияда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон кыргызстандык аял тууралуу билдирүү таратты


Тышкы иштер министрлиги Түркияда күйөөсү тарабынан токмоктолгон кыргызстандык аял тууралуу маалыматка комментарий берди.

Ведомстводон билдиришкендей, 21-январда Анталиядагы Башкы консулдукка Кыргызстандын жараны Түркиянын жараны болгон күйөөсү тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Башкы консулдуктун ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жана Түркиянын укук коргоо органдары менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ошол эле күнү күйөөсүнүн ата-энесииндеги баласы апасына өткөрүлүп берилген.

Белгиленгендей, учурда жергиликтүү милиция жабырлануучунун күйөөсүн кармап, кылмыш ишин козгоо чараларын көрүүдө.

"КР Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери консультациялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жабырлануучу жана адвокаттар менен байланышта",-деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн