Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 02:19
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

ТИМ Түркиядагы жер титирөөдөн бир кыргыз жараны каза болгонун тастыктады

12.02.2023 08:49
537
ТИМ Түркиядагы жер титирөөдөн бир кыргыз жараны каза болгонун тастыктады

Түркияда жер титирөөдөн бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


"Бүгүн, 11-февралында тастыкталган маалымат боюнча, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хатай шаарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталды. Каза болгон жарандын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулдугунун өкүлдөрү маркумдун документтерин даярдоо жана сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүү үчүн Хатай шаарында жүрүшөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн