Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ТИМ башчысы БУУнун Борбордук Азиядагы Башкы катчысына Тажикстандын агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди

14.10.2022 07:20
347
ТИМ башчысы БУУнун Борбордук Азиядагы Башкы катчысына Тажикстандын агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди

 2022-жылдын 13-октябрында Астана шаарында Азиядагы ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Кулубаев 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын Кыргыз Республикасына карата жасаган куралдуу аракеттери жана Кыргызстандын жапа чеккен чек ара аймактарындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап бардык талаштарды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин карманарын баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин жана эки тараптуу келишимдерди сактоого умтула турганын ырастады.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун конфликттик кырдаалдардын алдын алуудагы, ошондой эле региондун мамлекеттеринин ортосундагы чыр-чатактын курч фазаларына өз убагында чара көрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Аймактык борборду бул багытта жигердүү иш алып барууга чакырды.


Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын БУУ алкагында, анын ичинде Борбордук Азиядагы аймактык кызматташуу боюнча Аймактык борбору менен туруктуу өнүгүүнү бекемдөө, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу, кызматташуу маселелери талкууланды.


                                


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн