Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 13:48
USD
87.30
87.80
EUR
90.40
91.40
RUB
0.905
0.935

ТИМ башчысы Омандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

12.02.2025 11:23
18
ТИМ башчысы Омандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушту


Кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Фейсал Аль-Равас менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Жээнбек Кулубаевдин Оман Султанатына болгон расмий иш сапарынын алкагында орун алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берип, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишке ашырыла элек чоң кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.


Ошондой эле ал Оман Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын жана делегациясын 2025-жылдын 30-июнунда жана 1-июлунда өтө турган “Борбор Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумдун алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.


Мындан тышкары, министр Оман тарапка Кыргызстандагы келечектүү тармактарга, анын ичинде гидроэнергетика жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.


Өз кезегинде, Фейсал Аль-Равас Кыргызстанга чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташуусун жандандыруу боюнча демилгени колдой турганын белгилеп, жакынкы аралыкта Оман Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы менен Кыргызстанга барууга даяр экенин ырастады.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Оман ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкерлердин байланышын чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн