Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

ТИМ башчысы Улуу Британиянын ТИМ башчысынын орун басарын кабыл алды

05.06.2023 14:24
239
ТИМ башчысы Улуу Британиянын ТИМ башчысынын орун басарын кабыл алды


Бүгүн, 5-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докертини кабыл алды, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.


Тараптар эки тараптуу кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Жээнбек Кулубаев Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, өзгөчө билим берүү тармагында, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.


Тараптар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн