Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ТИМнин орун басары Катардын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

16.06.2021 14:18
1129
ТИМнин орун басары Катардын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды


Кечээ, 15-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана туризмди өркүндөтүүдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле министрдин орун басары А.Артыкбаев элчи А.Аль-Сулайтинин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, кыргыз тараптын Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим Аль Танинин Кыргызстанга иш сапарын эпидемиологиялык кырдаал турукташканда уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн