Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Он даана рак оорусун аныктай турган аппараттар келет...”

05.07.2023 12:51
3328
Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Он даана рак оорусун аныктай турган аппараттар келет...”


- Таалайбек Айтмаматович, жакында Япониядан бир топ гранттар келгени турат. Бул сиздердин соңку жылдарда жасаган аракетиңиздердин натыйжасы го?


Бул 2019-жылдагы, мурдагы чакырылыштагы иштердин натыйжасы десек туура болот. Ошол аракеттер эми ишке ашып жатат. Алардын эң ириси – бул Баткен облусуна 52 даана трактор, бульдозер, таш майдалагыч түрүндө берилчү кайтарымсыз грант. Анын жалпы суммасы 5 млн. 300 миң доллар. Ал эми Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ооруканаларына медициналык жабдуулар берилет. Доллардын азыркы курсу менен эсептегенде анын өлчөмү жети жарым миллион доллардай болот го. Кийинки айда Япониядан өкүлдөр келишип, биздеги ооруканаларды кыдырып, жабдуулар кайсы жерлерге орнотуларын аныктаган соң аппаратураларды алып келүү гана калат. Эки келишим тең ратификациядан өтүп, урматтуу президентибиз кол койду. Эми ТЭНден өтсө эле келе баштайт. Дагы бир жолу кайталап койгум келет, бул эки долбоор тең кайтырымсыз, жүз пайыз бекер берилчү гранттар. Жакында Япония менен каналдарды тазалоочу техникалар боюнча да келишимге кол коюлат. Анын өлчөмү да жети миллион доллардын тегерегинде.


- Аялдардын көкүрөк рак оорусун аныктоочу аппараттарды алып келүү боюнча да иштеп жаттыңыз эле...


- Ушул айдын башында Японияга барганда бул өлкөнүн парламентинин депутаты Эндо-сан мырза менен жолугуп, ушул көйгөйдү айткам. Ал киши болсо өз кезегинде ТИМдин кызматкерлерине кайрылып, бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, чечүүнү суранды. Кудай буюрса, бул аракетибиз натыйжасын берип, он даана рак оорусун аныктай турган аппараттар келет деп үмүттөнүп турабыз. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн