Бүттүбү? Бу жарыкчылыктагы сапарым ушинтип эле карып калабы? Жалган дүйнөдөгү жашоонун эсебин алуучу периштелер качан келип, сурагын качан баштаар экен? Чылк жумулган көзүн канчалык аракет кылса дагы ача албай, көөдөй караңгылыктын кучагында бөлөнгөн Чыңгыз Абакиров өзүнө өзү узаткан түрдүү суроолордун жандырмагын чече албай, бушайман болуп жатты.
Акыр бир күн ичээр суусу түгөнөөр кез келээрин, анан баарын таштап, Жараткандын алдына жалгыз өзү гана барарын дилинде сезчү. Мусулманчылык парзын толук аткарууга мойну жар бербей жүрсө да жүрөгүндө Кудайга бекем ишенээр эле. Акыркы мезгилде жума намазды калтырбай бара баштаганы да бекеринен эместей. Мечиттеги айтылган баяндарга таасирленип, чын дилинен берилип укканды адатка айландырган. Өткөнкү жума намазда ары ойлондуруучу, ары коркунучтуу тема козголуп, “мүрзөдөгү алгачкы түн” кеңири сүрөттөлгөн. Ошондогу сөздөр ушу тапта дагы кулагында жаңырууда.
Кабырдагы биринчи түн өтө коркунучтуу дагы, өтө керемет дагы болот деген имам. Анын айтымында, мүрзөгө кадимкидей тил бүтүп, “Мен айылдын четиндеги ээн үймүн, жалгыз үймүн. Топурактан жаралган үймүн. Жер үстүндө таза, туура жашап жатканыңды көрүп сага суктанчумун. Келээринди чыдамсыздык менен күтүп жүргөм. Эми менин жылуу кучагымдасың, сага бир керемет көрсөтөйүн” деп маркумга кайрылып, Кудайдын амири менен кабырдын ичин уч-кыйыры билинбеген кең ааламга айландырат! Мындай ажайып көрүнүштөн улам маркум жарыкчылыктагы үйүн заматта жадынан чыгарып салат дейт. Элестеткиле, эки метр жердин анчалык кеңейгенин, бейиштин аңкыган жыпар жыты буркурап турганын. А эгер киши тирүүлүктө тоодой күнөөгө баткан болсо, мүрзө: “Бекер келдиң, мен сенден ушунчалык жийиркенем. Сени кара жер кантип көтөрүп жүргөнүнө таңмын. Сени боорума батыргым жок” деп Кудайдын буйругу менен адамдын 12 кабыргасы бири бирине кийишип калганча кыспас бекен! Өмүрү көрбөгөн азаптын азабына тушукканың ошол дей бер, бул тозоктун башталышынын башталышы экен.
Бейиш демекчи, суракчы эки периште алгач киндигине чейин жан кирген пендени эки ийининен жөлөп отургузуп, ага төрт суроосун узатат. Оңгулуктуу жообун уккандан кийин периштелер тигинин тозок отунан кутулганын, кабырдын оң тарабын ачып, анда аны бейиш – түбөлүк жыргал жашоосу күтүп жатканын сүйүнчүлөшмөкчү.
Тозок демекчи, суракчы эки периште суроолоруна жооп бере албаган немеге “сен бейиштен куру калдың, сенин ордуң бу жакта” деп алоолонгон оттун жалыны, каңырсыган жыт уруп турган тозоктун каалгасын кабырдын сол жагынан кыңкайта ачып көрсөтүшөт. Маркум бейиштик болсо акыретке чейин бейиштин жагымдуу илеби урган, уч-кыйыры көрүнбөгөн кабырда алгачкы нике түнүндөгүдөй кереметтүү жыт мурдун өрдөп, ырахатка бөлөнүп уктап жатса, тозоктун отуна түшчү адам акыретке чейин кабырдын азабын тартканы тарткан. Ал үчүн мүрзөдөгү алгачкы түнү бүтпөгөн узун түнгө айланат. Абакиров ушундайча жоромолдоп, ушундайча кабылдаган.
Азыр ал ушуларды эстеди. Куураган тилим байланып, суракчы периштелердин төрт суроосуна жооп бере албай калсамчы кашайып? Жооп беришим кыйын го... Анда эле мени кабыр азабы кучак жая тосуп алат эмеспи?! Коркконунан денесин майда калтырак басты. Жүрөгү оозуна тыгылды, эмне кылаар айласын таппай, жаналакетке түштү. Кыймылдайын дейт, шал болгон немедей денеси жансыз. Буркурап, боздоп ыйлагысы келди. Ыйлай албады. Көзүнөн жаш чыкпады.
Топурак салганы барган жерлерден: “Пейилине жараша жайы кенен, топурагы майда чыгыптыр. Бечаранын жаны жаннаттык экен” деген сөздү көп ирет кулагы чалган. Арийне, учурда жумшак жерде жатканын же таштак көрдүн ичинде жатканын ажырата албай турду.
Чыңгыз Абакировдун бир гана Жаратканга белгилүү купуя сыры болоор эле. Ал неберелерин үйлөп-жайлап, чөбөрө жытын искеп, узак өмүр сүрсөм деп тилечү. Мына ошондо айылдагы эски үйүн буздуруп, ордуна жаңысын тургузуп, ошол үйдө карылык доорун сүрүп, оорубай-сыркабай, чоң апасы тилегендей, “жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп алаар” мезгил толгондо, чоң апасы аппак көйнөкчөн келип, тээ илгерки бала чагындай колунан жетелеп өзү менен кошо алып кетсе деп кыялданчу. Бу көрүнүш дайыма көз алдына тартылаар эле. Ага өзү дагы бекем ишенип алганы бар.
Бейиштин дагы, тозоктун дагы жышааны байкалбайт. Суракчы периштелерден кабар жок. А балким эми киришеттир... А балким эми келишеттир...
Жердин үстүндө жатабы же жердин астындабы? Жердин астындабы же жердин үстүндө жатабы? Тирүүнүн өлүгүбү же өлүүнүн тирүүсүбү? Өлүүнүн тирүүсүбү же тирүүнүн өлүгүбү? Ушуга түк акылы жетпей жатты.
Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Көрдөй караңгылык. Көөдөй караңгы.
Бул жерге кантип түшүп калганын эстегенге аракет кылып жатты. Чымындай жаны үзүлөөрдө келме келтиргенге үлгүрдү бекен? Такыр эсинде жок. Машинанын ичинде келатканын, ак халатчандар көкүрөк тушуна массаж жасап атканын элес-булас эстеди. Андан мурдачы? Парламенттин жыйынын алып барып жатканы көз алдына тартылды. Ошол күнү кошуна өлкөлөрдүн бири менен чек араны тактоо маселеси талкууланып, парламент келишимди ратификациядан өткөрүшү зарылдыгын президенттин аппараты катуу тапшырган (бул маселени президенттин өзү менен дагы талкуулап, алгачкы жолу президентке каяша айтканга чейин барган). Бир убакта жүрөк тушу сайгылашып, канчалык чымырканып карманайын десе дагы тулку боюн башкара албай, бут алдынан жер көчүп, креслосунан ооп баратканын бир билет. Ошол кезде жансакчылары, жардамчысы өзүн көздөй чуркап келатканын, “тез жардамды чакыргыла, тез жардамды!” деп кыйкырып жатышканын бир билет. Андан кийин эмне болгону белгисиз.
Караңгылыкка үйүр ала баштаганыбы, айтор, бир убакта көөдөй түн сүрүлүп, таң куланөөк сала баштагандай туюлду. Жанатан бери таңып салгансыган көзү ачылды өңдөнөт, ирмеп, ирмеп алды. Кубанганынан кыйкырып жиберди. Үнү кадыресе чыкты. Көзүнө анча-мынча элестер чалына баштагансыды. Караса этек жагында адам түспөлүндөй караан ары карап отуруптур...
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
Чыгарманын толук вариантын көчүрүү үчүн файлды басыңыз
Пикирлер (1)