Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Талантбек Батыралиев Түркиядагы Эл аралык Заманбап Медицина Илимдер Академиясынын президенти болуп шайланды

17.12.2020 16:59
741
Талантбек Батыралиев Түркиядагы Эл аралык Заманбап Медицина Илимдер Академиясынын президенти болуп шайланды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиядагы Эл аралык Заманбап Медицина Илимдер Академиясынын президенти болуп шайланды.


Эл аралык аренада көп айтылып жүргөн Лив клиникасы маанилүү Эл аралык Заманбап Медицина Илимдер Академиясы эл аралык долбоорду ишке ашырды.


Академия эл аралык аренада билим берүү аянтчасына айланат, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген дарыгерлерди кабыл алып, медицинанын көптөгөн адистиктери боюнча кызмат көрсөтөт. Академияда бейтаптар кабыл алынган өлкөлөрдөгү дарыгерлер жана кесиптештер менен практикалык жана билим берүүчү жолугушуулар өтөт, бир гана врачтар эмес, ошондой эле медицина жаатында адис болууну көздөгөн дарыгерлерге кызмат көрсөтүлөт.

Лив клиникасы жана Истинье университети "Келечектеги ден-соолук" ураанынын алдында илимий аренада долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. Эл аралык окутуу жолугушуулары боло турган Эл аралык заманбап медициналык илимдер академиясында дарыгерлер өз тажрыйбалары менен  бөлүшүшөт. Эл аралык Заманбап Медицина Илимдер Академиясынын окутуу аянтчасында радиациялык онкологиядан кардиологияга, медициналык онкологиядан жалпы хирургияга, ортопедиядан эндокринологияга чейин ар кандай тармактын адистери чогулат. Академиянын дарыгерлери байкоочу жана кызматкер катары ар кайсы өлкөлөргө жана ооруканаларга бара алышат.

Чет өлкөдөгү ооруканалар Истинье университетине студенттерди жөнөтө алышат, ал эми академия онлайн режиминде чектөөсүз билим берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн