Бугу 08, 2024
Убакыт: 00:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Талаптарды бузган 8 судья мөөнөтүнөн мурда бошотулду, - Тартип комиссиясы

15.05.2020 16:58
948
Талаптарды бузган 8 судья мөөнөтүнөн мурда бошотулду, - Тартип комиссиясы


Кынтыксыз болуу талаптарынын бузулушуна байланыштуу 8 судьяга карата мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул тууралуу Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакирова бүгүн, 15-майда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Тартип комиссиясына келген кайрылууларды кароонун жыйынтыгында 223 кайрылуу боюнча судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, алардын ичинен 18 судьяга сөгүш жарыяланып, ал эми 155 судьяга алдын ала эскертүү, 42 судьяга эскертүү берилген.

Бул комиссия 2017-жылы Конституцияга ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн