Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Талаштуу мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева тууралуу кызыктуу фактылар

25.06.2020 15:01
1448
Талаштуу мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева тууралуу кызыктуу фактылар


Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин  жыйынында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.  


Демилгечи депутаттар  —  Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган. 


Бул мыйзам болдоорго каршы болгон жарандык активисттер бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгып, алар депутат Гүлшат Асылбаеванын мандатын тапшырышын талап кылышты. Ал эми парламенттин бүгүнкү жыйынында кээ бир депутаттар бул мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууну сунушташты. Бирок, ага карабай, мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. 


1) Гүлшат Асылбаева 1960-жылдын 27-августунда Казакстандын Жамбул облусунда туулган. 


2) 1982-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун экономист адистигин сырттан окуп бүтүргөн.


3) 1982-1995-жылдары — "Азия" АКнын башчысы;


4) 1995-199-жылдары — Туризм жана спорт министрлигинде башкы адис катары иштеген; 


5) 1997-2006-жылдары — "Шумкар" АКнын башкы директору болгон; 


6) 2006-2014-жылдары — "Кыргыз Коньягы" ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген; 


7) 2015-жылы - "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган;


8) 2010-жылы -  президенттин жарлыгы менен Ардак грамота менен сыйланган; 


9) Эки баланын энеси.








Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн