Бүгүн, 8-июнь кечки маал Таласта Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогула баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, миңден ашык адам Талас облустук К.Медетбеков атындагы драма театрынын астында чогулушкан. Алар президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашып, Өмүрбек Бабановду камактан бошотууну суранышкан.
Эске салсак, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 31-май күнү УКМК тарабынан "Коррупция" беренеси менен камакка алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн