Сонунбүбү эже, Таласта Бабановду колдоп митингге чыккандар анын “ак жеримден күйүп жатам” деген катына ишенип колдоп чыгыштыбы же биздин бала деген түшүнүк менен колдоого аргасыз болуштубу?
- Бабановду кыргыздын баары эле билет. Ар кандай жан алакеттин аркасы менен байлык топтоп, ар кандай фокустар менен чоң кызматтарга ээ болгонун. Ошондуктан чыныгы калыстыкты сүйгөн эл Бабановду ээрчибейт. Өзүнүн туугандары Таласты түрө кыдырып, үймө - үй кирип, адам топтоп чыкканын угуп эле жатабыз. Өкүнүчтүүсү, акыркы мезгилде "өз бала, колдобосок уят" деген кыргызда бир жаман адат пайда болду. Биз ошондой колдоп жаткан мезгилде кыргыз элинин тарыхта сакталып калган акылмандардын көөнөргүс каадасын эстешибиз керек. Хандар өлүп баратып, эл арасындагы элин багып кете турган азаматка тактысын өткөрүп берген. Өз баласы болсо дагы. Бул асыл сапат эл деген ар бир кыргыздын канында болушу керек. Майдаланып, чөөгө, чычканга, кузгунга айланып баратабыз. Бул өтө уят иш.
Чын эле Бабанов ак болсо текшерүүдөн кийин боштондукка чыгат. Болбосо жооп берет. Анын эмнеси бар экен. Оомал- төкмөл дүнүйө деген ошол.
- Аны позициясы жок, коркок деп сындашат. Коркок адамга ишенип, аянтка чыккандар эртең өкүнүп калбайбы?
- Өз позициясын кармана албай кылтыңдап ар кай жээкке өтө качып жүргөнүнүн өзү жигиттик эмес. Ошол эле элди артынан ээрчитип келип, көчөгө таштап коюп саясаттан кеттим дебеди беле. Ошондо ошол кыйкырып аткандар эле бозала болуп орто жолдо калышкан. Ошон үчүн Бабановду колдоп жаткандар ойлонушу керек. Анткени, ал позициясын өзгөртсө эле өздөрү эле уят болуп, садага чабылат.
Булак: Саясат.кг
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн