Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таласта коронавирус үч милициядан жана соттолгон адамдан аныкталды

29.06.2020 14:03
974
Таласта коронавирус үч милициядан жана соттолгон адамдан аныкталды

 

Талас облусунда 29-июнга карата коронавирус аныкталган 9 адамдын үчөө милиция кызматкерлери. Бул тууралуу Талас облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыковага таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.


Облус аймагында бүгүн, 29-июнь күнү коронавирустун 9 учуру катталды. Анын 2 учуру Талас шаарынан, 4 учуру Талас районунан, 1 учуру Бакай-Ата районунан, 1 учур Манас районунан, 1 учуру Кара-Буура районунан. Булардын ичинен Талас облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө жаткан 3 бейтаптан, Бакай-Ата районунан 1 медайымдан илдет аныкталды. Ички иштер бөлүмүнүн 3 кызматкеринен да вирус чыкты. Алардын экөөсү обсервацияны кайтарган. Үчүнчүсү конвойдо, соттолгон адамды кайтарып жүргөн. Соттолгон адамдан дагы вирус чыкты. Калган 2 учур мурун вирус аныкталган бейтаптар менен байланышта болгондор
, - деген Сагындыкова


Белгилей кетсек, 29-июнга карата коронавирус инфекциясынын жаңы 269 учуру катталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 5 миңден ашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн