Жетинин айы 13, 2025
Убакыт: 13:01
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.075
1.105

Таласта "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын филиалы ачылды

13.11.2025 10:55
26
Таласта "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын филиалы ачылды


Талас облусунда "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.


Курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу жаңы ачылган филиалдын кызматкерлерин куттуктап, аймактагы курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүдө бул филиалдын ролу чоң экенин белгиледи.


Өлкө аймагында курулуш иштери жылдан жылга көбөйүп, аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы күчөп жаткандыктан бул филиалдын ачылышы региондордогу курулуш иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүүгө, ошондой эле жергиликтүү кадрларды жана ресурстарды тартууга өбөлгө түзөт.


Филиалдын негизги милдети мамлекеттик курулуш объектилерин ишке ашыруу, долбоорлордун аткарылышын координациялоо жана сапаттык көзөмөл жүргүзүү болуп саналат.


Белгилей кетсек, буга чейин ишкананын Ош шаарында филиалы ачылган жана ал аймактагы бир катар маанилүү курулуш долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн