Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Таласта "Йакын инкар" экстремисттик уюмунун мүчөсү 8 жылдан кийин уюмдан баш тартты

15.04.2022 10:39
368
Таласта "Йакын инкар" экстремисттик уюмунун мүчөсү 8 жылдан кийин уюмдан баш тартты

«Йакын инкарчы» 8 жылдан соң экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМК кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургунун радикалдык көз караштан баш тартууга жана тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынан чыгууга көндүрүштү.


Т.К.Ч. аттуу жаран 2014-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Йакын Инкар” диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген.


Аталган Т.К.Ч. тандап алган диний багытын жаңылыш экенин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын “Йакын Инкар” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн