Таласта секс-шоп ачылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал жерде жашаган ата-энелер дүкөндүн иштешине нааразы. Алар дүкөндө "чоңдордун нерселери" сатылгандыктан балдардын психикасын бузат деп кооптонушууда. Алардын айтымында, мектеп окуучулары дүкөнгө кирип аларды сүрөткө тартып бири-бирине таратып жатат.
Ал эми дүкөн ээси болсо, даттанууларды четке кагып баары мыйзам чегинде сатылганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн