Афганистан Ислам Эмиратынын бийлиги мыйзамсыз иштерге барган талибандардын мүчөлөрүн катуу жазага тартат. Бул тууралуу "Спутник Афганистан" билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чара боюнча атайын комиссия түзүлөт. Алар коррупцияга, уурулукка, зомбулукка жол берген өздөрүнүн кызматкерлерин ачыкка чыгарып, аёосуз жазалайт.
Талибандар мыйзамсыздыкка күрөшүү менен элдин ишенимин жана өздөрүнүн бийлигин бекемдөө, коопсуздукту сактоо максатында аталгандай кадамга барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн