Кулжа 23, 2025
Убакыт: 12:41
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Танк биатлонунда Кыргызстан жеңишке жетишти

03.09.2021 16:58
813
Танк биатлонунда Кыргызстан жеңишке жетишти

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону - 2021” таймашынын жеңүүчүсү болду.


Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады.



Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды.


Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51 секундда келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн