Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Тартиптин начардыгынан Нарында эпидемиологиялык абал татаал болууда"

15.05.2020 16:18
1804
"Тартиптин начардыгынан Нарында эпидемиологиялык абал татаал болууда"


Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда, мында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болуп саналат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

«Бул тартиптин начардыгынан, үй карантин талаптарынын аткарылбай жаткандыгынан кабар берет, натыйжада, күнөөсүз жарандар жабыркоодо. Буга мисал катары COVID-19 дарты катталган Нарын шаардык төрөт үйүн келтирүүгө болот. Катардагы жарандар гана эмес, медициналык кызматкерлер да үй карантиндин талаптарын тыкыр аткаруусу шарт. Тийиштүү талаптарды аткарбаган жарандар жоопко тартылышы керек», - деди ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жаткан кызматтык адамдар боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.                             

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, учурда 28 592 адам – үй карантининде. Бир суткада 8 бузуу аныкталып, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн