Нарын дарыясында изделип жаткан 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шамалды-Сай шаарынын "Титаник" эс алуу жайына жакын Нарын дарыясынын жээгинде болжол менен 7-8 жаштагы баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 2 суучул 1 кайык менен тартылып, издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылы туулган Н.Н. атуу жаш баланын жансыз денеси табылып, туугандары менен биргеликте ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн