Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таш-Көмүрдө Ооганстандан келген 5 кг гашиш кармалды

13.07.2022 16:46
633
Таш-Көмүрдө Ооганстандан келген 5 кг гашиш кармалды


Жалал-Абадда 5 килограмм баңгизат сатуучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баӊгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жарандарды аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүү учурунда Таш-Көмүр шаарынын аймагында “Брат” каймана аттуу жаран баңгизатын сатып, жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.

Бул факты боюнча чогултулган материал Таш-Көмүр ШИИБде катталып, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кбашкармалыгынын кызматкелери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык оорукананын түштүк тарабында Баткен районунда 1976-жылы туулган К.М.А. аттуу жарандын турган жерин текшерген учурда колундагы баштыгынан өзгөчө кескин жыты бар зат алынган.

Криминалистикалык кызматтын кортундусунун негизинде беш даана бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, салмагы 5 кг 21 граммды түзгөн.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын жана алардын кылмыштуу байланыштарын аныкттоо максатында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн