Бугу 07, 2025
Убакыт: 00:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Таш-Рабат соода борборунда кардар сатуучу аялга кол салды (видео)

24.05.2021 18:01
1294
Таш-Рабат соода борборунда кардар сатуучу аялга кол салды (видео)

Бишкек шаарындагы "Таш-Рабат" соода борборунда кардар консультантты бир нече жолу чаап, денесине залал келтиргени тууралуу видео тараган.


Маалыматка ылайык, 20-май күнү Октябрь РИИБине Л.В. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Горький көчөсүндө жайгашкан соода борборунан белгисиз киши арыз ээсине пикир келишпестиктен улам денесине залал келтиргенин жазган.


"Мындан сырткары Октябрь РИИБине дагы бир тургун арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү аталган соода борбордон белгисиз кыз пикир келишпестиктен улам 3 жашар кызынын денесине залал келтиргенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене "майда бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алынган жаракаттарды толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп билдиришти Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн