Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ташиев: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалга себеп болгон 4 пост алынат

25.09.2022 17:30
407
Ташиев: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалга себеп болгон 4 пост алынат

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту Кыргызстан жана Тажикстан тараптан тең алына турган болду. Бул тууралуу КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Ал бүгүн чек ара маселесине байланыштуу тараптардын жолугушуусу болгондугун жана анын жыйынтыгында жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол коюлганын баса белгиледи.


Ташиев протоколдун негизинде төмөнкү төрт пост алып салына тургандыгын айтты.


"Тамдык" (Кыргызстан) — "Бедак" (Тажикстан);

"Булак-Башы" (Кыргызстан) — "Кех" (Тажикстан);

"Катта-Туз" (Кыргызстан) — "Карачикум" (Тажикстан);

"Дача" (Кыргызстан) — "Шаршене" (Тажикстан).

"Бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себеп болот. Аталган жерлерди аскер кызматкерлери дагы, жай тургундар дагы чыкпайт. Муну менен мурдагы болуп жаткан жаңжалдын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп баса белгиледи ал.


КР УКМ башчысы мындан сырткары, протколдун экинчи пункту менен кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетүү макулдашылганын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн