Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ташиев «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды

27.12.2022 12:35
297
Ташиев «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды



 Бүгүн,  27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей,  салтанаттуу иш-чарада КР УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң КР УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң акча каражатын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды.


 Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги КР УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 млн сом, 2022-жылы 500 000 сом берилгендигин айтты.


 Жыйындын аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн