Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ташиев Талас районунунда УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

15.12.2022 15:16
700
Ташиев Талас районунунда УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты



          Бүгүн, 2022-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

       

  Ачылыш аземине  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – чек ара кызматынын директору У.Шаршеев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Нарбеков, Талас районунун башчысы Н.Нармырзаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.  

   

      Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган 

     

    УКМК төрагасы К.Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык область, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.


          

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн