Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:16
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын билдирди

13.12.2023 09:29
334
Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын билдирди


Өкмөттөр аралык комиссия кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызын макулдашты. Бул туурасында кыргыз делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.


Кечээ Баткенде эки тараптуу комиссиянын жыйыны өтүп, анын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн УКМК жетекчилери билдирүү жасаган.


Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов эки өлкөнүн ортосунда жалпы кызыкчылыктар бар экенин айтты.


“Бүгүн өтө чоң иш жасалды, 120 чакырымдан ашык аралыкка жылдык, принципиалдуу маселелер макулдашылды. Эгер чек аранын жалпы узундугун ала турган болсок, 90 пайызын тактап бүттүк. Комиссия бул маселелерге өтө жоопкерчилик менен карап, элдин мүдөөсүнө дал келген мамлекет башчыларынын тапшырмаларын так аткарып жатат”, — деди Ятимов.


Өз кезегинде Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптешинин сөзүн тастыктады.


“Бир аз тилкелер гана калды, кудай буюрса, аларды дагы жакынкы күндөрү тактап, аягына чыгарабыз. Ал Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жерден Жийделикке чейинки тилкелер. Биз Карабак жана Ляккон (тажик айылы) боюнча үч өлкөнүн чегине чейин макулдаштык. Муну менен биз бардык талаштуу маселелерди чече алдык, буюрса дагы бир нече жолугушуу болот, анан мамлекеттик чек аранын баары жазылып бүтөт”, — деди Ташиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн