Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин кайсыл ири чиновниктер камалышы мүмкүн?

19.02.2021 11:49
1638
Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин кайсыл ири чиновниктер камалышы мүмкүн?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 18-февралда чет өлкөдөн кайтып келери менен түз эле Баткен облусуна учуп барып, жергиликтүү элдин чек ара көйгөйү тууралуу сөздөрүн укту. Ал жолугушуусунда «Эртеңден баштап коррупцияга аралаштыгы бар ири чиновниктерди камап баштайбыз» деп билдирди.


Бул билдирүү ансыз да кыйпычыктап турган бир топ азыркы жана мурдагы чиновниктердин түн уйкусун бузган болушу мүмкүн. Акыркы убактарда борбор калаада, анын чет-бучкактарында заңгыраган эки кабаттуу үйлөр көбүрөөк сатыла баштады деген да маалыматтар чыга баштаган. Кыязы, бул да мүлктөрүн жашыруу аракетин көргөндөрдүн жасап жатканы болушу мүмкүн. Бүгүн 19-февралда Камчыбек Кыдыршаевич айткан эртең келди. Демек, камалышы мүмкүн болгон ири чиновниктердин биринчи этабы бүгүн темир тор артына кириши керек. Анан андан ары улам алардын катары коюуланып турат деген ишеним бар. Себеби, 30 жылдан бери Кыргызстанды кенедей жармашып алып, канын соруп келаткан чиновниктер аз эмес. Эгерде эрк жетсе, алардын баарын бир эле күндө камап салса болот. Анчалык катуу кетпейли дешсе, анда 2-3 айдын ичинде баарынын башын түрмөдөн бириктирүүгө мүмкүн. Ошол эски-жаңы чиновниктер кимдер болушу мүмкүн? Коомчулукту азыр ушул суроо кызыктырып турат.


Биринчи кезекте бажы тармагындагы коррупция күндүн темасы болуп тургандыктан, камакка алуунун башы да ушул жаатта болушу мүмкүн. Кече 18-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайрадан кармалды. Ал буга чейин эле коррупция беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 260 миң сом айып пулга жыгылган. Эми ага дагы башка иш козголуп жатса керек. Демек, ал бажы тармагында ири коррупция бар экенин ачыктады. Андыктан ал бажы кызматынын төрага орун басары болуп турган кезде ким төрага болгон болсо, ал дагы мыйзам алдында жооп бериши керек болот. Себеби, орун басары билген коррупцияны төрагасы билбей калышы мүмкүн эмес. Ошондо бүгүнтөн баштап камала тургандардын башында Кубанычбек Кулматов туруп калабы?


Ошол эле убакта бир нече кылмыш иштери боюнча буга чейин эле сурак берип жүргөн экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бар. Ага карата «АКБ Кыргызстан» банкын Максим менен биргеликте рейдерлик жол менен бизден тартып алышкан» деп узак жылдардан бери какшап келаткан жабырлануучулар да бар.

Акыркы убактарда «Эркин Тоо» типографиясынын имаратынын менчикке кандайча өтүп кеткени боюнча маселе кайрадан ызы-чуу жарата баштаганы белгилүү. Балким, бул боюнча депутат Каныбек Иманалиев камалып калышы күтүлөт.


Азыркы тапта «Кумтөрдөгү» жагдайды иликтөө боюнча депутаттык комиссияны жетектей турган болгон депутат Акылбек Жапаровдун мүлктөрү да иликтенүүгө тийиш. Анын борбор калаада эле бир нече ири обьекттери бар экени белгилүү. Андай имараттарды куруу үчүн жүздөгөн миллиондор керек экени маалым. Ошондо анча акчаны кайдан таптыңыз эле деп сурап коюуга эмнеге болбосун? Себеби, Акылбек мырза да өмүр бою мамлекеттик кызматтарда гана иштеп келатпайбы.


Атамбаевдин убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болгон Болот Сүйүнбаевдин тегерегинде да контрабандалык иштер боюнча кеп-сөздөр көп жүрчү. Балким, аны да чакырык суракка алып көрсө болот.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин тез эле байып кеткендер тууралуу да Атамбаев убагында көп айтчу. Балким, ошол айткандардын да чындыгы болуп калышы мүмкүн. Буга да көңүл буруш керек. Алардын ар биринин аты-жөндөрүнө токтолуп отурбай эле коелу. Деги эле Акаевдин доорунан бери карай улам кийинки келген бийликтин тилин таап, кызматсыз калбагандардын баарын текшерип көрүү керек. Отуз жылдан бери Кыргызстандла ошолор эле байып келатат. Эл болсо алардын байыганын гана карап коюп отурат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн