Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ташкентте ЭКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммити өтүүдө

09.11.2023 13:55
193
Ташкентте ЭКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммити өтүүдө


Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарынын Конгресс-борборуна Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышуу үчүн келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин жана делегация башчыларын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Саммитке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Пакистандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Анвар уль-Хак Какар жана ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн