Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таштанбек Чакиевдин "Боор толгоосуна" ой толгоо

16.01.2023 13:17
2804
Таштанбек Чакиевдин "Боор толгоосуна" ой толгоо


Оболу сын жана сынга карата мамиле тууралуу. Бир жолу жаштар поэзиясы тууралуу сөз болуп калып, акын Таштанбек Чакиев: "Сиз катуу сын айтсаңыз, ал акындын артыкчылыктарын: мөлтүрөгөн ыр саптарын, табылгаларын, уйкаштыктарын көрмөксөн болуп коесуз, эгер мактасаңыз, ал жазмакердин кемчиликтерине көз жумуп коесуз" деп, менин сын макалаларыма таамай мүнөздөмө берип, кыпкызыл чындыкты бетиме айтты эле. Күлүп тим болгом. 


Жаш талапкерлердин дарегине карата сын айта коем деп, жаш акындар менен алардын күйөрмандарынын таландысында калган соң, айранды үйлөп ичип калганым ырас. Аны мойнума алам.


Көрсө, сынды да аны көтөрө билген адамга айтыш керек экен. Болбосо, сынды көтөрө албаган, өзүн жердин киндиги сезген жазмакерлер сени душман көрүп калышы текейден арзан экен.


Сын демекчи, өзүнүн акындык дараметин, акыл көрөңгөсүн билген акындарга канчалык сын айтсаң, алар ошончо чыйралат. Сынды туура түшүнөт, көтөрөт, улам көшөрүп, көжөлүп ыр жазат. Аларга курулай мактоонун кереги жок. Мактоо аларды иренжитиши, күүсүнөн тайдырышы мүмкүн. 


Жаш акын Улукбек Омокеевде сынга терикпей туура кабыл алган, кабагым-кашым дебеген эр мүнөз бар экен. Эки жыл мурда айрым бир ырларына кескин эле сын айтып, жеке өзү гана окусун деп, фейсбуктагы личкасына жөнөтсөм, эч кандай териккен жок. Тескерисинче, жалпы элге жарыя кылып, мени бир аз ыңгайсыз абалда калтырды. Мен ал сын пикиримди анын жеке өзү үчүн гана жазгам. 


Талант уяң, уялчаак келет. Кээ бир акындарга табият талантты ченебей берген болот. Бирок, алар таланттуу экенине өздөрү да көп ишенкирей беришпейт да, орто саар акындардын көлөкөсүндө жүрө беришет. Мына ошондой акындарга сынга караганда мактоо көбүрөөк керек деп ойлойм. Демек, мен буга чейин кимге мактоо айтсам, кимге сын жазсам, мына ушул эки принциптин чегинен мамиле кылган деп түшүнгөн туура. Дегинкисинде, мактоо да сын. 


Эми Таштанбек Чакиев тууралуу айтсам, ал экөөбүз бири-бирибизди көп жылдардан бери билебиз. Доспуз десем да жарашат. Дос күйдүрө айтаары ырас болсо, бул жолу анын жакында эле "Адабият" сайтына жарык көргөн "Боор толгоосу" тууралуу ачуу сын айтсамбы деп турам. Балким, өзү полемикага чыгар, же башка бирөө аны жактап өзүнүн көз карашын, пикирин айтаар. Өткөндө казак баурлардын "Адабият" сайтынын сынга арналган баракчасынан айрым бир адабий полемикаларды окуп отуруп, бизге да ушундай полемикалар керек экен деген ойго келдим.


"Боор толгоо" "Стамбулда болуп өткөн 2022-жылдын 13-ноябрындагы террактан кийин жаралган" публицистикалык мүнөздөгү ыр экен. Анда ааламдашкан дүйнөдөгү ааламатка карата акындын көз карашы, позициясы чагылдырылыптыр. Акын акыл-эси айран боло, астын-үстүн аңтарылганы калган дүйнөнү бир туруп аяйт, бир туруп ачуусу келет, анан барып кеп-кеңешин берет. Илгери биз бала кезде пионердик линейкаларда "АКШ, Кубадан колуңду тарт!" деген жалындуу ураандарды айтаар элек. Ырды окубатып, андан ошол күжүрмөн духту сезгендей болдум.


Бир караганда, акындын ырда айтайын деген ою жаман эмес. Террористтик актылар капкачан эле күнүмдүк реалдуулукка айланган. Демек, ырдагы тема актуалдуу. Бүгүн өнүгүү жолундагы өлкөлөр гана эмес, Түркияга окшогон өнүккөн өлкөлөр да терроризм коркунучу менен жашайт. Канчалаган террордук актылардын алдын алып жатабыз.  Ошентсе да, кандай мамлекет болбосун элдердин коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок мезгилде жашап жатканыбыз да чындык. 


Арийне, 6 бөлүктөн турган ырдын биринчисинде "шам чырактар", "шай көйнөкчөн кыздар", "зымга тизилген таранчылар", каршы-терши агылган "унаалар", "кара деңиз", "ак чардактар", "поезддер", "самолеттор"... кыскасы шаардын жай турмушу сүрөттөлүп, сенин мага амандыгың керек, жамандыгың уккум келбейт, ардагым деп аяктайт.


Автор "Боор толгоого" "Ыр Стамбулда болуп өткөн 2022-жылдын 13-ноябрындагы террактан кийин жаралды" деп эскертме бербегенде, аны деңиз жээгиндеги кайсы бир калаанын жай турмушу тууралуу турбайбы деп ойлоп калмакпыз. Эскертмеде Стамбул жөнүндө сөз болгон соң, акын эмнени айтып, эмнени коеюн дегени белгилүү эмеспи. Демек, ал эмне үчүн "жердин астын-үстүн аңтарылып калганын каалабаганы", "ак көз, көк көз дебей амандык тилеп турганы" түшүнүктүү. Ал шаардын жай турмушун сүрөттөө менен терроризмди айыптагысы келген.   


Акын антип терроризм темасы менен эле токтолуп калбайт. Ары барып:


"Коркутууда ким бирөө

Дүйнө жүзүн,

Дүйнөнүн бир бурчунда*" деп Түндүк Корея президенти Ким Чен Ын тууралуу сөз кылат.  Бери келип: 


"Бир тууган эл

Айланышып,

Сөөк өчтү душманга*", - деп орус-украин эли жөнүндө божурайт.

Айтор ырда сөз болгон масштаб улам кеңейе берет да, капысынан:

"Эй адамдар,

Айткылачы,

Деги кимден суроом

керек?" - деп өзүнө өзү "суроо артынан суроо" бере берип тажаган акын эми адамдарга эмес, жеке адамга, ардагына кайрылып: 


"Кетелиби, ардагым,

Көз көрбөгөн,

Кулак укпас жактарга?

Жүр кетели,

Перилердин мекени –

ПЕРИСТАНГА

Кетели!?" - деп кай жаккадыр дубана болуп кеткиси келет. Дароо эле оюн алмаштырып, окурманды терроризм менен жалгыз калтырып коюп, өзү кетип калгысы келгени кызык. 


Андан да кызыгы Таштан Чакиев ким менен сүйлөшүп жатат? Адамдар мененби, же ардагы мененби? 


Ии баса, акын ырдын 1-бөлүгүн "ардагым" деп аяктабады беле, анда ал "ардагым" деп кимге кайрылды экен? Ал "ардагымдын" ырдын 2-бөлүгүндөгү "эки тизесин мамык кылып, татты түштөрдү көрсө" деп кыялында элестеткен "ардагым" менен байланышы барбы? 


"Ардагым" демекчи, ушерден бир нерсе эске түшөт. Жазуучу Жылкычы Жапиев: "Илгери басмада иштечү элем. Аттуу-баштуу эле жазуучубуздун көлөмдүү романы олчойгон нуска менен китеп болуп басылып кетти. Күндөрдүн биринде Ак-Талаадан кат келди. Анда окурман: "Жазуучуну го түшүнсө болот. Ал өз каарманынын качан буту чолок беле же чолок эмеспи, билбей калсын. Басманын редактору жазуучунун каарманы чолок эмес, эки буту соо экенин көрбөй калганына жол болсун" деп жазып ийиптир. Көрсө жазуучу романынын бир жеринде соо каарманын чолок кылып сүрөттөп салыптыр. Биз редакторлор көрбөй калыппыз" деп айтты эле. 


Анысы кандай, Таштанбек Чакиев "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" болуп, кааласа адамзатка кайрылат, кааласа ардагына кайрылат. Айтор, кимге кайрылып жатканын унутпады, адашпады бекен? Анысы ал, анын 1-бөлүктөгү "ардагы" ким? Калаабы, Жер энеби, эркекпи, аялбы? Айтор, анын "ардагынын" ким экени да табышмак! 


6 бөлүктөн турган ырдын 3-бөлүгү: 


“Кудай жүзүн

Көрсөтпөсүн согуштун", - деген аруу тилектен башталат. Акындын балдар күн кучактап уктасын, акындар ыр жазсын, койчу коюн баксын, дыйкан кетмен чапсын, уздар шырдык шырысын, ажолор жерин сатпай эл башкарсын деген тилеги жакшы. Жүрөгүң жибийт, акынды алкагың келет, бирок:


Эй, аксакал,

А сен болсо,

Келин-кесек менен

Идиш талашпай,

Митингдерде

Жаакташпай-жаалашпай,

Саясатты токтоткун да,

Саймедиреп,

Санжырадан сал кепти..!" - деген саптарды окуганда башыңан ылдый муздак суу куюп ийгендей болосуң. Акынды аксакалдар ушунчалык иренжиткенби? Эмнеге мынчалык ачуусу келет?


Анан эле ачуусу тарап, кайрадан адамзатка кайрылып:


"Айтчы кана,

Талашканың эмине,

Жетпейт сага

Билбейм,

айтор эмине?!

Ичем десең,

Ашың даяр алдыңда", - деп кайра эле суроо артынан суроосун узатып, тиги аксакалга иренжигенин да унутуп калат.


Ырдын 4-бөлүгүндө автор адамзат менен сырдашуусун улантып:


"Акыл-эстүү

Болгой эле урпагың.

Келгей эле

Күткөн “Кел-кел” заманың" - деп аруу тилектерин айтып, жергебизде, жер шарында кереметтүү ак таңдар атаарына, көр дүйнөнүн чеңгелинен чыгарыбызга ишенерин билдирип:


"Ал анткени –

КҮН БАЛДАРЫ, – дейт бизди.

Ал анткени –

ТҮРК БАЛДАРЫ, – дейт бизди!" - дейт.


Баятан жалпы адамзатка кайрылып келаткан автор ырдын 5-бөлүгүндө түрк дүйнөсүнө кайрылган. Түрк элдери бир муштумга биригип, коргошундай уюшун каалаган автор нарыдан чабарманды көрө калып:


Эй, чабарман,

Чап тулпарды,

Кабар айткын

Каңгай…

Бээжин…

Урумга*

Укпаптырмын,

деген адам болбосун,

Уктап жаттым

деген адам оңбосун!

Кабар жетсин,

Чар тарапка, Кырымга…

“Түрк балдары

Ымалага келди де" - деп ийгенин өзү да байкабай калгандай. 


"Ат айланып казыгын табат" дегендей, ырдын соңку, 6-бөлүгүндө: 


"Менин бабам

Таңда туруп,

Күнгө айтчу саламды.

Аты – Кыргыз,

Бабасы анын Түрк эле" - деп өз элин эстеген. Менин элим Кан Манастын өзүндөй айкөл эле, кашкөй эле деп келип, менин жерим ыр менен санаттын Мекени:


"Мекени эле

Дөө-шаалардын,

Манастын!" - дейт. Туура, кыргыз жери Манас атабыздын мекени экенинде талаш жок. Бирок, Т.Чакиев кайсы дөө-шаалар тууралуу айтып жатат?!.


Элди, жерди, мекенди даңазалаган акын тилди да даңазалыгысы келет:


 …Менин тилим

Болчу тили булбулдун.

Уккан кулак

Айткан тил да сүйүнчү,

Сөз кадырын билгендерге,

Кеп-кеңешке

Кулак түрүп, кулагына

Илгендерге

Тилим менин келин болуп

Жүгүнчү,

Анан бар го,

Кеп жебеген

кекээрлерге,

Эси жокко, эсерлерге

Муштум болуп

түйүлчү!

Жаша, тилим,

Бар бол, ичер булагым" - деп башын жакшы баштайт да, аягын буруп, эне тили келин болуп жүгүнүшүн каалайт. Тилди муштум болуп түйүл дегени да кызык. Бирок анын бул оюн ырдын тексттинин контекстинен улам эмнени айткысы келип жатканын боолголоп түшүнсө болчудай. 


Ошентип, бирде "ардагына", бирде адамзатка, түрк дүйнөсүнө, аксакалга, чабарманга, тилге кайрылган акын Таштанбек Чакиев ырын:


"Жаша Кыргыз,

Жаша, өлбө!

Урааным: – Жаша Дүйнө,

Жаша Өмүр,

Күн деми.

Жаша, Мекен,

Жаша, ТУРАН –

Түрк эли!" - деп бийик пафос менен аяктаган.


Айтор, автор кучак жеткис нерсени кучактагысы келген. Ошондон улам ойлору чачыранды болуп, бул жакка бир, ал жакка бир урунган. Тема чаржайыт болуп, толук ачылбай калган. Логика да ырааттуу сакталган эмес.


Анүстүнө ыр эркин формада жазылган. Биз билгенден Таштанбек Чакиев салттуу формада ыр жазган акын. Ырдагы ийгиликтер менен катар кемчиликтердин бир себеби ушуну менен байланышкандай.    


Ырдын 1-бөлүгүндө "анан дагы" ("анан") деген сөздү 6-7 колдонсо, 2-бөлүктө "бүгүн дүйнө", "бүгүндү" ашыкча колдонуп ийиптир. Ырдын саптары да келегей сындырылган:


"Тар көчөлөр

ийри-муйру.

Андагы эл

Агып жаткан". 

Биерде "ийри-муйру" деген салыштыруунун өзү да ашыкча. Тар көчөлөрдүн ийрелеңдеп жатканын башка бир сыпаттамасын тапса болмок. Же жок дегенде:


Ийри-буйру

тар көчөлөр, - деп саптардын орун алмаштырып койсо деле, окурман чайналбай окумак. 


3-бөлүктө:

"Биз акындар

Жазалы ыр" - дегенде, окурманды кыйнабай: "ыр жазалы" деп сөздөрдүн орун алмаштырып койсо болбойт беле. А "Боор толгоодо" мындай чайналган, боор тоолгой турган ыр саптары, сөз айкаштыктары арбын кездешет.


Ырдын уйкаштыктарында деле жаңы эч нерсе жок. Мисалы: 


Уз катындар,

Шырдак шырып,

Ала кийиз басышсын.

Ашмачылар

Карап турбай

Казандарын асышсын.

Анан дагы

Бийиң бийле,

Ажоң башкар элиңди.

Аздектеп күт,

Карегиндей сакта көздүн

Жериңди! - дегенде, "басышсын" менен "асышсын"дын, "элиңди" менен "жериңди"нин эмнеси жаңылык?!.


Кыскартып айтканда, Таштанбек Чакиевдин аракети жакшы. Бирок, "Боор толгоого" кайрадан бир кайрылып, боор толгобосо, бышыгына караганда чийкиси, жетигинен чаласы көп болуп калган.


Болотбек Таштаналиев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн