Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Таза жашаганды үйрөнүп, анан улуу элбиз деп каалашыңча мактана бер!

22.02.2021 17:20
1575
Таза жашаганды үйрөнүп, анан улуу элбиз деп каалашыңча мактана бер!

"...биз нурдан бүткөн, күндөн бүткөн байыркы элбиз! баланча жылдык тарыхы бар бийик элбиз! Кыргыз кагандары керек болсо кытай төбөлдөрүн чөгөлөтүп салык алып турган!" деп жакшы эле эргип баштайын дейсиң.  Десең эле момундай шалпылдак көрүнүштөр:"Эй кыйын эл болсоң, оболу таштандыны бейжай таштабай таза жашаганды үйрөнүп алып, анан "бийикпиз, улуубуз, нурлуубуз!" деп каалашыңча кыйынсып мактана берчи!" деген суроону бетиңе шалп эткизе түкүргөндө, улуулугуң, бийиктигиң, нурлуулугуң күбүлө түшөт...


Баса: Жакында эле өзүм күбө болгон окуя.  Күүгүм аралаш шаардагы көп кабат үйлөрдүн короосуна, балдар ойночу аянтка машинесин токтотуп, чемичке чагып, сыра ичип кыргыз жигиттер олтурушкан. Кээ-кээде сөгүнүп да коюшат, каткырышат. Ары жактан ошол көп кабат үйдө жашаган бир орус киши басып келди да сылык "бул жерде жашагандар машинебизди балдар ойночу аянтка токтотпойбуз деп сүйлөшкөнбүз, а силер токтотуп алыпсыңар, башка жакка коесуңарбы?.. Анан бул жерди акыр-чикир кылып булгабагыла, сураныч.." деп орусча өтүнүп, акырын кетип калды. Анын артынан сүйлөгөн жигиттер "..кыргыздын жеринде кыргыз эместер "минт-тигинт" деп кыйынсып күйгүзүштү деп наалышты. Эх-х...дегенден башка не дейсиң мындайда... ((


Эрнис Кыязов

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ернис капа болбо.Ошон учун татыктуу башчыга жетпей журобуз да.