Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тажибаев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстанды экономикалык көз карандысыздыкка алып чыгат

09.10.2022 11:55
346
Тажибаев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстанды экономикалык көз карандысыздыкка алып чыгат



Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу чечими, мамлекеттин келечеги үчүн пайдалуу. Мындай пикирин Апрель баатыры Кубанычбек Тажибаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын пикиринде, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстанды экономикалык көз карандысыздыкка алып чыгат.


"Темир жолдун курулушу аркылуу экономикалык жана стратегиялык туңгуюктан чыгабыз. Жүк ташыган вагондор соода-сатык өнүккөн Кытай менен Европага байланыш Кыргызстан аркылуу өтөт. Бир убактагы Улуу Жибек-Жолу кайтып келет. Бул албетте Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыктан чыгуусун каалабаган айрым "шериктештерге" жакпайт. Ошол себептүү алар сырткы күчтөрдү тукуруп, ички чыккынчыларды каржылап алып интрига уюштуруп жатат. Алар Кыргызстанда кайрадан баш аламандык болуп кетсе, темир жол курулбай калса, Кыргызстан кайра эле кулдук саясаттан башы чыкпай, көзүбүздү тиктеп жалдырап отурса, а бизге айткан сөздөн чыкпаган эрки жок, "хоп" деп турган президент болсо деп ойлошот",- деп билдирди.


Ошондой эле Кубанычбек Тажибаев бүгүнкү күндө президентти колдоп, ички жана сырткы күчтөрдүн чагымчыл аракеттерине алданбоого чакырды.


"Темир жол сыяктуу ири долбоорлордун курулушунда өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн президентти колдойлу",-  деди Апрель баатыры.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн