Көк-Жаңгак шаарында Кыргызстандын мурдагы муфтийи, белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловду эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу ЭлТР каналы билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Муфтий Замир кары Ракиев, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, президенттин иштери боюнча өкүлү Тойгонбай Абыдкаров жана аалымдын санаалаштары катышты.
"Уулум жашаса болот эле. Бирок Кудайга керек экен алып кетти. Ал китеп окуганды кыялданчу. Ошондуктан мен аны шаарга районго китеп окууга жөнөтөт элем. 7-класста райондо окубаган китеби калбай Ошко жөнөткөн элем",- дейт Чубак ажынын атасы Тажибай Жалилов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн