Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 01:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Тажикстанда абакта жазасын өтөп жаткан жарандарды экстрадициялоо маселеси талкууланды

03.06.2023 14:09
210
Тажикстанда абакта жазасын өтөп жаткан жарандарды экстрадициялоо маселеси талкууланды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту.


КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2-июнда Душанбе шаарында өткөн.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Тажикстандын аймагында КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында, ТРда соттолгон кыргыз жарандарын Кыргызстандын жаза өтөө мекемелерине которуу мүмкүндүгүн жана өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди талкуулашты.


Тараптар Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын Башкы прокуратурасынын ортосунда зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн