Тажикстанда өткөн суткада коронавирус илдетинин жаңы 204 учуру катаалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн COVID-19 боюнча бирдиктүү порталынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-майга карата жуктургандардын саны 2140 адамга жетти. Алардын 41и илдеттен каза тапты.
Эске салсак, 30-апрелге чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала элек экенин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн