Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажикстандын абагында Баткен облусунун тургуну каза болду. ТИМ нота жиберди

14.01.2022 17:00
2635
Тажикстандын абагында Баткен облусунун тургуну каза болду. ТИМ нота жиберди

Тажикстанда абакта отурган 1953-жылы туулган Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, каза болгон Кыргыз жараны чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен абакта отурган.


"Каза болгон Кыргыз жараны Кудайберди Бекмуратовго карата Тажикстан Республикасынын соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренесинде (мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмышты жасаган деген айып менен соттолуп, 2 жылга эркинен ажыратылган.


Аталган маселе Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан Республикасындагы элчилигинин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ТИМден абакта каза болгон жарандын ишин тыкыр иликтөө боюнча Тажикстан тарапка нота жөнөткөнүн билдиришти.


Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Салия
Биздин мамлекет өз жаранын карабайбы?
Тоштемиров Айзада
Биз тайтамды жоготуп алдык кары адамдамды мынчалык кыйнап акча ондургон жооп берип жазага тартылсын ыраазы меспиз