Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 453 үй кайрадан салынат

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 453 үй кайрадан салынат

Баткенде талкаланган үйлөр тазаланып, курулушка даярдалууда, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлектин Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарына караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамы тартылды.

Учурда алар 2022-жылдын 26-сентябрынан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузуп, тазалап жатышат.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда жалпы 618 турак жай талкаланган. Анын 453 кайра курулуп, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн