Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын агрессиясы: Жарадар болгондордун саны 163кө жетти

Тажикстандын агрессиясы: Жарадар болгондордун саны 163кө жетти

2022-жылдын 19-сентябры саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 163 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бир суткада Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 19 жабырлануучу кайрылып, алардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жалпысынан 144 адам ооруканада дарылануусун улантууда, 19 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда - 71 жабырлануучу;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабыркаган;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Жабыркагандардын калгандары Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн