Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Тажикстандын кол салуусу: Швейцария Кыргызстанга 450 миң доллар жардам катары берет

03.11.2022 15:37
272
Тажикстандын кол салуусу: Швейцария Кыргызстанга 450 миң доллар жардам катары берет

Швейцария Баткен облусунда чек арага кол салууда жабыркагандар үчүн 450 миң доллар жардам берет. Бул тууралуу өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди.                             


Каражатка Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тамак-аш жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтөт. 


Буга чейин Япония соңку кол салууда жабыркаган Баткендин тургундарына жардам катары БУУнун алкагында 1 миллион доллар берери айтылган.  


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тажикстандын агрессиясынан кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тартканын билдирген. Анын 423ү жашоого жараксыз болсо, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн