Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айтка карата куттуктады, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
«Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө Сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм.
Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат ислам дининин жогорку баалуулуктарынын, анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле өз ара колдоонун негизинде эки элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берет», - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн