8-июлда тажик аскерлеринин кол салуусунан каза болгон Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасынын кабарчысы билдирди.
Хожиев бир үй-бүлөнүн кенже уулу болгон.
"Балам 2016-жылдан бери мамлекеттик чек арада кызмат кылат. Бир жыл аскердик кызмат кылгандан кийин чек арада иштеп калган.
3 уулум 2 кызым бар. Эң кенжеси Хуснидин эле. Өзү да эки балалуу болгон.
Мамлекет тарабынан жардам болду. Баламдын сөөгүн алып чыгып берди.
Баткен шаарынан үй беребиз дешти",- деди каза болгон аскердин атасы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн