Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:40
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Текебаев менен Чотоновдун соттук ишинде күбөнү суракка алуу протоколу угузулду

03.07.2020 18:06
1025
Текебаев менен Чотоновдун соттук ишинде күбөнү суракка алуу протоколу угузулду

 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун отурумунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, 3-июлдагы соттук отурумда сот күбө Леонид Маевскийдин суракка алуу протоколун угузуп баштады. Андан соң соттук териштирүү 6-июлга саат 10:00гө жылдырылган.


Белгилей кетсек, саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.


Жогорку Сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн