Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Текебаев менен Чотоновдун соттук иши жылдырылды

01.07.2020 17:25
1224
Текебаев менен Чотоновдун соттук иши жылдырылды


Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши айыпталуучулардын биринин келбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, отурум Чотоновдун келбегендигине байланыштуу, 3-июлга саат 15:00гө жылдырылды.


Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.


Жогорку Сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн